Евробиримдик менен кабыл алына турган бул келишимге ылайык, грек өкмөтү өзүндөгү оор финансылык кризистен чыгыш үчүн 130 млрд.евро жардам алат.
Жумурияттын каржы министри Евангелос Венизелос депутаттарга кайрылып, “өлкөнү сактап калыш үчүн” бул чечимди колдоого чакырды. "Биз мамлекетти сактап калышыбыз керек, - деди министр. - Эгер биз антпесек, эл бизди кечирбейт".
Бул маселе көптөн бери өлкөнүн өзүндө талаш-тартыштарды жаратып келген. Анткени жардамды алыш үчүн Греция бюджеттик чыгымдарын кескин кыскартылышы зарыл болот. Айлык акынын, пенсиянын өлчөмүн азайтат.
Буга зээни кейиген он миңдеген адамдар өкмөттүн кадамдарын айыптап, кечээ бир топ шаарларда нааразылык демонстрацияларына чыгышты, бир нече имаратты өрттөштү. Баш калаа Афинадагы демонстранттар полиция менен кагылыша кетип, 80 ашуун адам жаракат алды, алардын 30 – полисмендер. Ондогон адамдар камакка алынды.