Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Ош: Маңзат саткандар менен күрөш күчөдү


Ош шаардык милициясы беш күндүн ичинде маңзат саткан жерлердин баарын аныктап, сатып жаткандарды камайт.

10-февралда ШИИБнын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Маңзат бизнеси менен күрөшүү бөлүмүндөгүлөргө ушундай тапшырма бергенин башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде бул тапшырма аткарылбаса, аталган бөлүм кызматкерлери жазаланат. Кандай ыкмада жазаланаары айтылган жок. Тапшырма берилгенине 3 күн болсо да, азырынча кай бир жерде ушундай соода менен алектенгендер кармалганы айтыла элек. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG