Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

Ливияда уруулар ортосундагы кагылыштарда 17 адам көз жумду

France-Presse маалымат агенттигинин кабарына караганда, соңку эки күн ичинде Куфра шаарында ал-зуайя жана табу деген эки уруунун ортосундагы салгылашууда 17 адам өлдү, 22 киши жаракат алды.

Улуттук өткөөл кеңештин өкүлү Мухаммад ал-Харизи кагылыш болгонун ырастады жана азыр тараптар жаңжалды тынч жол менен чечкенге аракет кылып жатышканын айтты.

Эки уруу ортосундагы соңку кагылыштар үч күн мурда ал-зуайядан бир киши мууздалганда башталган. Аны табунун адамдары өлтүрүп коюшкан деп айыпташууда.
XS
SM
MD
LG