Соңку 20 жыл ичинде Кыргызстанда 30-39 жаштагылардын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандардын саны 23,5 пайызга өстү. Ал эми 40-59 жаштагылардын арасында мындай оорулардын көбөйүшү 16 пайызды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Жылына 18 миң, ал эми күн сайын 50 кыргызстандык жүрөк оорусунан көз жумат. (RK)