Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Жедигер уруусундагы ноокендиктер коомдук уюм түзүштү


Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Жедигер” аттуу коом түзүлдү. Анын атын атагысы келбеген мүчөсү “Азаттыкка” билдиргендей, жедигер уруусунун тарыхын изилдеп китеп чыгарышат. Уюмга Ноокен районунун мурдагы акими Тургунбай Анаркулов жетекчилик кылууда. Анын орун басарлык милдети Жалал-Абаддын мурдагы мэри Тилек Буркановго жүктөлгөн. 100 мүчөсү бар, алар Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынан жана райондун башка аймактарынан биригишкен.

“Жедигер” коому мамлекеттин саясий ишине аралашпайт. Жазында республиканын баардык аймактырынан өкүл чакырып, курултай өткөрүшмөкчү. Каржы маселелери мүчөлүк акынын эсебинен чечилет.

Буга чейин Кыргызстанда “Мундуздар” аттуу уруучулук коому бар эле. Андан сырткары, “Аксы”, “Сузак”, “Алай” сыяктуу коомдор да түзүлгөнү айтылган болчу. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG