Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Кара-Кулжа милициясынын мурдагы башчысын жоопко тартуу талабы коюлууда


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда маркум юрист Бакытбек Сооронбаевдин туугандары райондук милициянын мурдагы жетекчиси Жолдубай Чобоевдин жоопко тартылышын талап кылышууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун агасы Касымалы Сооронбаев билдирди. Анын айтымында, Кара-Кулжанын мамлекеттик каттоо мекемесинде юрист болуп эмгектенген иниси Бакытбек Сооронбаев өткөн жылдын 3-августунда киши колдуу болгон, бирок райондук милиция ал окуяны териштирбей, жаап койгон.

“Бакыттын өлүмүнө милициянын катышы бар деп эсептейм. Анткени, ага чейин иним менен райондук милициянын айрым кызматкерлеринин ортосунда чатак болгон. Менин колумда инимди милиция өлтүрдү деген так аргумент болбогону менен, күмөнүм бар”, - дейт Сооронбаев.

Жакында Сооронбаевдин 10 чакты тарапкери райондук милиция имаратынын жанында нааразылык акциясын уюшутурушкан.

Жолдубай Чобоев ага карата айтылган дооматтар чындыкка дал келбесин “Азаттыкка” айтты. Ал январдын аягында жетекчилик кызматтан кеткен. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG