Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Гондурастагы түрмөдөгү өрттө өлгөндөрдүн саны 377ге жетти


Өлкөнүн борбору Тегусигалпадан 100 чакырымдай түндүктө жайгашкан түрмөдөгү өрттөн дагы канча адам жараат алганы азырынча тактала элек. Полиция өрт коюп, өзү качып кеткен болушу мүмкүн делген камактагы адамды издеп жатканы айтылууда.

Камакта жаткандар болсо түрмөнүн жетекчилиги өрт чыгаары менен эшиктерди ачпай койгондугун айтып жатышат. Бул абак жайы өзү 450 адамга эсептелинип курулган, бирок анда 800 киши кармалып турганы айтылууда.

Гондурас өзү дүйнөдө адам өлтүрүү эң көп катталган мамлекет катары белгилүү. Андагы түрмөлөрдүн дээрлик баарында адамдардын саны мүмкүн делген чектен ашып кеткен.

XS
SM
MD
LG