Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Юлия Тимошенко операцияга муктаж эмес


Украинанын мурдакы өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун саламаттыгын текшерген эл аралык комиссиянын украиналык мүчөсү экс-премьер-министрди дарылоодо хирургиялык операциянын зарылдыгы жок деди. Комиссиянын төрайымы, Украинанын саламаттыкты сактоо министринин найыбы Раиса Моисееньконун журналисттерге билдиришинче, Тимошенко оорусун ачык айтпоону өтүнгөн. Моисеенко украин маалымат булактарынын германиялык дарыгерлерге шилтеп, Тимошенко айым чурку менен ооруйт деген кабарын негизсиз деп атады.

Кызматын натуура пайдаланды деп айыпталып, жети жылга кесилген Юлия Тимошенко азыр Харьков шаарынын жанында колонияда жатат. Ал өзү саясий жүйөдөн улам соттолгонмун дейт.

XS
SM
MD
LG