Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Нарындыктар Солтон-Сары кени боюнча даттанып жатышат


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Учкун Ташпаев 16-февралда Нарын облусунан Солтон-Сары кени боюнча даттанып келген өкүлдөрдү кабыл алды. Теңиртоолуктар анда аталган кенди иштетип жаткан кытайлык компаниянын лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты. Ташпаев агенттиктин адистерине кырдаалды териштирип бүгүн, 17-февралда жооп камдоону тапшырды.

Солтон-Сары кени “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын карамагында турат, ал эми кендин бир бөлүгү болгон Бучук алтын кени мындан төрт жыл мурун кытайлык ишкерлерге берилген.

Былтыр августта Нарындын Эмгекчил айылынын үч жүздөй тургуну кытайлык компанияга нааразыланып ишканадагы үч милицияны жана үч жумушчуну токмоктоп салышкан болчу. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG