Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Каддафиге каршы көтөрүлүштүн бир жылдыгы майрамдалууда


Ливиялыктар бүгүн 42 жыл бийликте отургандан кийин төңкөрүлгөн Муаммар Каддафиге каршы көтөрүлүштүн башталганын бир жылдыгын белгилешүүдө. НАТОнун учактары колдогон козголоңчу күчтөр менен Каддафиге ишенимдүү аскерлердин согушунда миңдеген адамдар курман болгон. Диктатор 2011-жылы октябрда адаватчылардын колунан өлгөн.

Эл аралык мунапыс уюму апта башында жарыялаган докладда Каддафиге каршы күрөшкөн куралдуу топтор адамдарга, анын ичинде Каддафинин тарапкерлери деп шектелгендерге кордук көрсөтүп, улуттук азчылыктарды там-жайынан кууп жатканы белгиленет. Докладда Улуттук Кеңеш аскердик топтордун зөөкүрдүгүн тыйуу үчүн эч кандай чара көрбөйт деп айтылат.

XS
SM
MD
LG