Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Кытай Башар Асаддын референдум планын колдойт


Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министр орун басары Чжай Цзан Дамаскта Сирия президенти менен жолугушуудан кийин билдирди. Шаршембиде Асад 26-февралда жаңы Баш мыйзам элдин кароосуна коюлаарын жана атаандаштык негиздеги парламенттик шайлоо өткөрүлөөрүн жар салган. Оппозиция бул кабарды жыйынтыктар өкмөт тарабынан бурмаланат деген ишенбөөчүлүк менен кабыл алды.

Чжай жаатташкан тараптарды кан төгүүнү токтотууга үндөп, Бээжин зордук зомбулуктун күчөшүнө абдан тынчсызданганын билдирди:

- Кытай Сириядагы бардык күчтөрдү диалогго, саясий планга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга чакырат.

Үстүбүздөгү аптада Кытай БУУнун Башкы ассамблеясынын Сирия боюнча резолюциясына каршы добуш берген. Документ ал өлкөдөгү адам укуктарынын тебеленишин айыптайт. Ай башында Кытай жана Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин ушундай эле резолюциясына вето коюшкан. Ал тапта сириялык активисттер өкмөттүк күчтөр Асад режимине каршы козголоңдун очогу болгон Хомс шаарын аткылоону улантышканын маалымдашты.

Кечээ баш калаанын жака белиндеги демонстрация маалында коопсуздук күчтөрүнүн огунан 4 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG