Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

"Түндүкэлектр": Жаңы конуштарда электр камсыздоо жакшырып келатат


Бишкектин борбордук бөлүгүн жана шаар четиндеги жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылган подстанциялар кошумча күчтөндүрүлүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти. Ошондон улам Ала-Тоо-2, Келечек, Ак-Бата, Эне-Сай, Калыс Ордо, Теңдик жаңы конуштарын жана шаар четиндеги Ново-Павловка, Пригородное, Озёрное айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо кыйла жакшырганы айтылууда.

Буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев Бишкектеги 23 подстанциянын 13ү ашыкча күч келип иштеп жатканын айткан. Себеби азыркы жабдуунун күчү соңку жылдары пайда болгон 40тан ашуун жаңы конушту, көп кабаттуу жаңы үйлөрдү жана газдан электр жылыткычтарына өткөн керектөөчүлөрдү тейлөөгө эсептелген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG