Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Маркум Эшбаевдин жакындары УКМК алдында митингде турушат


Ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында отуздай киши чогулган митинг өтүүдө. Алар маркум милиционер Айбек Эшбаевдин жакындары экенин айтышууда. Бул тууралуу алар менен чогуу турган укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "элиталык деп эсептелген бул мекемеде камалган адамдын өлүмүнө жол берилбеши керек болчу".

Пара алды деген шек менен кармалган милиционер, Бишкектин жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG