Жапонияда өткөн айда тышкы соодадагы дефицит рекорддук деңгээлге чыкты. Финансы министрлигинин маалымдашынча, акыркы төрт айда экспорт токтобой азайууда: январь айында 2011-жылдын январына салыштырганда экспорт 9, 3 процентке төмөндөп, импорт 9, 8 процентке көбөйгөн. Натыйжада соода тартыштыгы 18, 5 миллиард долларды түзгөн. Экспорттун өсүшүнө былтыр мартта “Фукусима-1” АЭСинде болгон кырсыктан улам электр энергиясын өндүрүүнүн азайганы, отун энергиясына болгон керектөөнү сырт өлкөлөрдүн эсебинен жабуу менен түшүндүрүлөт.