Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Атамбаев: “Манаста” 2014-жылдан кийин чет элдик аскерлер болбошу керек


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары Сьюзэн Эллиот жетектеген делегацияны кабыл алды.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Сьюзэн Эллиот Ооганстанда жана жалпы эле аймакта коопсуздукту камсыз кылууга “Манас” транзиттик ташуу борборунун кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ооганстанда коопсуздукту чыңдоонун мааниси баса белгиленди. Болочокто бул өлкө террорчулар баш паанек кылган жерге жана маңзат уюгуна айланып калбасы үчүн саясий чечимге келүү зарыл экендиги айтылды.

Мамлекет башчысы “Манас” жарандык аба майданында 2014-жылдын жай айларынан кийин чет элдик аскердик контингент болбош керектигин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG