Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Эл артисти Сарбагышевдин сөөгү жерге берилет


Кыргыз эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, таланттуу балет бийчиси жана балетмейстер-режиссер Уран Сарбагышев 77 жаш курагында 19-февралда дүйнө салды. Сарбагышев Улуттук опера жана балет театрынын сахнасында легендарлуу Бүбүсара Бейшеналиева менен чогуу бийлеп, кыргыз балет өнөрүн дүйнөгө тааныткандардын бири.

Уран Сарбагышев 1934-жылы 11-декабрда Фрунзеде туулган. 1946-жылы тандалган таланттуу өспүрүмдөр менен Ленинграддагы атактуу Ваганов атындагы балет мектебине кабыл алынып, аны аяктагандан кийин кыргыз опера жана балет театрында алдыңкы солист катары оногон спектаклдерде башкы партияларды аткарган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG