Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Медведев: Саясий системаны реформалоого мезгил жетти


Президент Медведев Орусиянын саясий системасын активдүү реформалоо зарылдыгын каттоодон өткөрүлбөгөн саясий партиялардын лидерлери менен жолугушууда айттып, өлкөнүн саясий системасы «идеалдуу дегенден бир топ алыстыгын» моюнга алды:

- Биздин саясий система албетте, идеалдуу дегенден алыс жана бул жерде отургандардын кээ бирлери катуу, айрым учурда өтө катуу сындап жүрүшөт. Ошол эле учурда системаны алмаштурууда жалпы көз карашты кармануубуз керек. Менин оюмча буга мезгил жетти.

Бул жолугушууга катышкан оппозициялык лидер Борис Немцов:

- Мен мырза Медведевге 37 кишиден турган саясий туткундардын тизмесин берип, ага өзүнүн уникалдык, конституциялык укугунан пайдаланып, тизмедегилерди актоосун сунуштадым. Алардын катарында Ходорковский, Лебедев бар...

Президент Медведев менен жолугушууга "Элдик эркиндик" партиясынын тең төрагалары Борис Немцов, Владимир Рыжков, «Солчул фронттун» лидери Сергей Удальцов, «Элдик союз» партиясынын жетекчиси Сергей Бабурин, «Жашылдар» экологиялык кыймылынын башчысы Анатолий Панфилов жана башка оппозициялык активисттер катышты.

XS
SM
MD
LG