Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Өкмөт эки жылда 40 улуттук долбоорду ишке ашырат


Кыргыз өкмөтү 2012-2014-жылдары 40 улуттук долбоорду ишке ашырат. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 21-февралда ар бир долбоор боюнча жооптуу вице-премьерлерди аныктады. Бабановдун биринчи орун басары Аалы Карашев жана орун басары Жоомарт Оторбаев бул иштерди жүзөгө ашырууга жооптуу аталышты. 40 долбоордун жалпы баасы 8 млрд. 300 млн. долларды түзөт. Анын ону жол-унаа, бешөө байланыш жана маалыматташтыруу, төртөө кен, сегизи энергетика, бирөө курулуш, бешөө айыл чарбасы, алтоо ирригация жана бирөө мамлекеттик тейлөөнү автоматташтырууга арналат. (RK)

XS
SM
MD
LG