Тынчтык кеңешинин мүчөсү Исмаил Касым Ярдын "Азаттыктын" Ооган кызматына билдиришинче, буга чейин талиптер ооган жергесиндеги бардык америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин гана сүйлөшөбүз деп келсе, азыр алар америкалык расмий өкүлдөр менен бир нече айдан бери жолугушуу өткөрүп келатышат. Касым Яр түз сүйлөшүү жакында башталышы мүмкүн экендигин кошумчалады, бирок так мөөнөтүн атаган жок. Ооганстандын 70 мүчөлүү Тынчтык кеңеши мындан эки жыл мурда түзүлгөн. jch