Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

CPJ: 2011де 46 журналист набыт болгон


Журналисттерди Коргоо комитетинин эсебинде, былтыр дүйнөдө 46 журналист киши колдуу болду же коркунучтуу окуяларды чагылдырып жаткан жеринен каза тапты.

«2011-жылдагы басма сөзгө кол салуу» деп аталган жылдык отчетунде Нью-Йоркто жайгашкан уюм жети журналист өлтүрүлгөн Пакистан бул кесиптин ээлери үчүн эң коркунучтуу өлкө экендигин белгилейт.

15 журналист былтыр Араб жазындагы реформаны талап кылган демоснтрациялардын мезгилинде өмүрүнөн айрылды. Аз дегенде 179 журналист камакка алынды. Бул 1990-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. jch

XS
SM
MD
LG