Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Сириянын түндүгүндө 30дан ашуун киши набыт болду


Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган уюм шейшембиде өкмөттүк күчтөр Идлиб провинциясындагы кыштактарды кыдырганда кеминде 33 киши өлтүрүлгөнүн билдирет. Буга чейин активисттер 18 күндөн бери курчоодо калган Хомс шаарында бери дегенде 16 бейкүнөө киши набыт болгонун айтышкан.

Ал ортодо Улуттар Уюмунун Баш катчысынын гуманитардык алакалар боюнча орун басары Валериэ Амос Сириянын бийликтерин өлкөгө гуманитардык көмөктү киргизүүгө жол ачууга чакырды. Эл аралык Кызыл чырым уюму күнүгө ок атышууну жок дегенде 2 саатка токтотуп, жаңжалдын очогунда калгандарга жардам жеткирүүнү сунуштайт.

Укук коргоочу уюмдардын эсебинде, президент Башар ал-Асадка каршы массалык толкундоолор башталган 1 жылдан бери кеминде 6 миң киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG