Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:18

Сары-Таш – Карамык унаа жолу бороондун айынан жабык турат


Бүгүн Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш – Карамык унаа жолунун 133-142-чакырымында (Жекенди айылдык округу) бороон болуп, жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 185-250-чакырымдарында бороон болуп, унаа жол жабылган. (RK)
XS
SM
MD
LG