Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Доминик Стросс-Кан полицияга 2 күн сурак берип чыкты


Франциянын Лилл шаардык полициясы Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Канды бошотту. Аны полициячылар сексуалдык кызмат көрсөткөн тармак түзгөн жана мындай кызматты көрсөтүүгө ортомчу болгон деген айыптоо боюнча 2 күн суракка алды.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү март айында Стросс-Кан сотко чакырылып, ага коюлган айыптар негиздүү же негизсиз экендигин сот аныктаарын билдирет.

Буга чейин тергөөчүлөр Стросс-Кан менен купуя байланышта болгон сойкуларды суракка алган. Сексуалдык кызмат көрсөткөндөргө кайсы бир компания акча төлөп турганын Стросс-Кан билген-билбегени учурда текшерилип жатат. Бул иш боюнча 8 киши камакка алынган.

Өткөн жылдын май айында Стросс-Кан Нью-Йоркто мейманканада иштеген кызды зордуктаган деген айып тагылгандан кийин Эл аралык валюта корунун башчылыгынан кеткен. Кийин бул ишти прокуратура жапкан.

XS
SM
MD
LG