Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Эл аралык коомчулук Сирия бийликтерин кескин айыптайт


Эл аралык коомчулук Сирияда чет өлкөлүк журналисттердин өлтүрүлүшүн кескин айыптайт. Хомс шаарында өкмөттүк армиянын соккусунан британиялык журналист 56 жаштагы Мэри Колвин менен 28деги француз Реми Ошлик набыт болду. Атышууда дагы үч журналист жарадар болду, алардын бири француз Эдит Бувье оор абалда.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жүппе Сириянын бийликтери бул өлкөнүн аймагындагы бардык француз жарандарынын өмүрү жана коопсуздугу үчүн толук жоопкерчиликтүү экенин билдирди.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг дүйнө өлкөлөрүн «сириялык президент Башар ал-Асадды террорчулукту токтотууга мажбур кылууга эки эселеп күч жумшоого» чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд "Асаддын абийирсиз режиминин катаалдыгы» деп баалады.

Расмий Дамаск болсо чет элдик журналисттерди Сирияга келгенде атайын өкмөттүк уюмдарда катоодон өтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG