Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Бишкекте бир үй-бүлө түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилди


Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү №297 үйдө өткөн түнү өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, үй ээси 58 жаштагы В. Калиниченко жана жубайы Т. Калиниченко түтүнгө ууланып, шаардык № 4-ооруканага жеткирилди. Эки бөлмөдө 40 чарчы метр аянтта эмерек, сыналгы, килем, төшөнчү күйгөн. Кырсыкка колго жасалган электр меш себеп болгону айтылууда.

Таласта да кечээ өрт кырсыгы чыгып, бир адам жабыркады. Бирок ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Бул кырсыкка үйдө мештин туура эмес салынганы себеп болду.

Январ айында Кыргызстанда 11 адам өрттөн каза тапкан.(RK)

XS
SM
MD
LG