Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Пешавар шаарындагы автовокзалда бомба жарылды


Пакистан бийлигигин маалыматына ылайык, Пешавар шаарындагы автовокзалда бомба жарылып, кеминде 15 киши мерт кетти, 35 киши жарадар болду. Полиция 40 килограмм жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн бомба машиненин ичине коюлганын айтууда.

Жардыруудан жүргүнчү ташыган бир нече автобус керектен чыкты. Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок буга чейин Пакистандагы талип согушкерлери ушундай эле ондогон кол салууларды ишке ашырып келишкен. Пешавар уруулар байырлаган чөлкөмгө жакын жерде орун алган. Ал аймак "Талибан" менен "ал-Кайиданын" жоочулары баш пааналаган жер катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG