Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Сириянын аткаминерлери адамзатка каршы кылмыш үчүн айыпталышы мүмкүн


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши түзгөн комиссия Сирия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү адамзатка каршы кылмыш үчүн айыпталышы мүмкүн деп билдирди. Сирия боюнча көз карандысыз комиссия бүгүн билдиргенине караганда, айрым конкреттүү адамдарды, армия командирлерин, өкмөттүн жогорку жетекчилерин адамзатка каршы кылмыш жасаган жана адам укуктарын одоно бузган деп күнөөлө үчүн жетиштүү далилдер бар. Комиссия ал тизмеге президент Башар Асадга чейинки аткаминерлер кирээрин ырастоодо. Ошол эле маалда ал тизме шардана кылынган жок.

Комиссия Сириянын Эркин армиясы жетектеген козголоңчулар да өкмөттүкүндөй масштабда болбосо да, айрым кылмыштарга барган. Сириянын укук коргоочу активисттери жаңжал башталгандан бери 7 миң 600дөй киши, көбү карапайым тургундар набыт болгонун ырастоодо.

XS
SM
MD
LG