Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында Кыргызстандын Кылмыш кодексине жана Кылмыш-процессуалдык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи кезекте адам укугуна тийиштүү болгондуктан, талкууга жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, парламенттин жана расмий бийликтин өкүлдөрү катышат. Жаңы кошумчаларды жалпылоо үчүн парламентте жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына депутаттар, Жогорку Соттун, Баш прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин адистери кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG