Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

Обама Карзайдан Курандын өрттөлгөнүнө кечирим сурады


Президент Обама Ооганстандын президенти Карзайдан Баграмдагы базада мусулмандардын ыйык китеби Куранга тескери мамиле жасалгандыгы үчүн кат аркылуу кечирим сурады.

Бул тууралуу ооган президентинин иш башкармалыгынан билдиришти. Катта Куранды өрттөө «байкоосуздан болгону», расмий Вашингтон бул тууралуу тийиштүү иликтөө жүргүзөөрү айтылат.

Бейшембиде Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун эки жоокерин ооган аскер кийимчен бирөө атып салганы белгилүү болду. Азырынча бул окуянын Курандын өрттөлүшүнө байланышкан нааразылык акциялар менен байланышы бар-жоктугу аныкталууда. Нааразылык акцияларда бери дегенде 3 киши өлгөнү дагы кабарланды.

XS
SM
MD
LG