Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Москвага иш сапары уланууда. 23-февралда ал Орусияда жашаган кыргыздардын уюму менен жолукту. Өлкөдөгү азыркы абал тууралуу айтып берди. Кыргызстанды өнүгүүнүн жаңы деңгээлине сөзсүз алып чыгаарын билдирди. Бирок бул максатка жетүүдө тоскоолдуктар катары коррупцияны жана улутчулдукту атады. (RK)