“Чоң ак шакек” деп аталган иш-чара орус оппозициясынын “Таза шайлоо үчүн” акциясынын алкагында уюштурулду. Акциянын катышуучулары Москванын борбордук бөлүгүндөгү Садовый айланма жолунунун ички тарабынан кол кармашып тизилишти. Тизилгендердин колдорунда нааразылык кыймылынын ак шариктери, ленталары болду.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Москвадагы кабарчылары акцияга келгендердин маанайын майрамдагыдай деп мүнөздөштү. Алардын бири, өзүн Борис деп тааныштырган ишкер буларды белгиледи:
- Биз Путинге каршы, учурдагы системага каршы, адилетсиз шайлоого каршы адамдар бардыгын көргөзгүбүз келет. Бул жерге ошол үчүн келдик.
Уюштуруучулар айланма жолду толук жабуу үчүн 34 миң адам талап кылынарын билдиришкен.
Москванын бийликтери бул акцияга уруксат берген эмес. Бирок уюштуруучулардын айтымында, алардын аракети мыйзамдуу. Анткени кол кармашкандар эч кимге жолтоо кылган ураан-чакырыктарды алып жүрүшкөн жок.
Бул аралыкта бүгүн Санкт-Петербург шаарында “Путинсиз Орусия” деген чакырыктар менен 3000дей киши жүрүш жасашканын “Франс Пресс” агенттиги маалымдады.
Кечээ Санкт-Петербургда Путинге каршы демонстрацияга миңдеген адам жыйналган.
Путиндин жактоочулары болсо бүгүн Москванын борборунда “Путинди баары сүйөт” деген аталышта акция өткөрүүдө.
Орусиянын мурдагы президенти 4-марттагы шайлоодо Кремлге кайтып келери күтүлүп жатат. Өткөн аптадагы сурамжылоолор Путин биринчи айлампада эле 59% добуш аларын көргөздү. (UE)