Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

ЖК дарак кыюуга каршы мыйзамды талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети жаңгак жана арча өңдүү баалуу дарактарды кыюуга, сатууга жана пайдаланууга каршы мыйзам долбоору талкууламакчы. Адистердин билдиришинче, Кыргызстанда соңку учурда арчалуу-жаңгактуу токойлор суюлуп баратат.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 5 пайызга жакынын токойлор түзөт. Токойлордун көпчүлүк бөлүгү карагай, арча жана жаңгак токойлору. Токойлордун эсебинен мамлекеттик казынага жылына 100 миллион сомго жакын киреше түшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG