Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Азерилер, түрктөр "Хожалы кыргынын" эскерип БУУнун алдында митингге чыгышты


Хожалы курмандыктарын эскерген демонстрация Стамбулда да өттү, 26-февраль, 2012
Хожалы курмандыктарын эскерген демонстрация Стамбулда да өттү, 26-февраль, 2012
Бириккен улуттар уюмунда армян элчилигинин жанына жыйырмадай адам чогулуп, Тоолуу Карабак конфлиги учурунда болгон кыргындын 20 жылдыгына байланыштуу пикет уюштурушту.

Нью-Йорктогу азери коомунун лидери Миневвар Вахабова “Азаттыкка” айтканына караганда, алар жыл сайын бул күнү чогулуп, “Армения 1992-жылдын февралындагы окуя үчүн кечирим сурашын талап кылышат”. Алар Хожалы айылында түнкүсүн армян аскерлери кирип, элди аткылап өлтүрүшкөнүн “геноцид” деп билишет.

Human Rights Watch эл аралык уюму армян аскерлери 600дөн ашуун карапайым элди өлтүргөн бул окуяны “кыргын” деп атаган. Бирок расмий Ереван муну четке кагып, айрым азери топтору куралчан болушканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG