Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

“Түндүкэлектрдин” пара берген кызматкери кармалды


“Түндүкэлекр” ишканасынын башкармалыктарынын биринин кызматкери 15 миң доллар пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, министрликтин Уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы “Түндүкэлектрдин” аталган башкармалыгында мыйзам бузууларды аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө, кызматкер 15 миң доллар сунуш кылып, ишти жаап салууну сунуштаган. Натыйжада паракорчулук беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Пара берген кызматкердин аты-жөнү ачыкталган жок. Бул боюнча “Түндүкэлектр” ишканасы позициясын билдире элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG