Түштүктө иш сапар менен жүргөн Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев О шаарында бүгүн өткөнү жаткан митингде коопсуздук камсыз кылынып, чагымчылдыкка жол берилбей турганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында коомдук тартипти көзөмөлдөөгө Ош шаарынын жана облусунун тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жетет. Бишкекте кошумча күч тартылган жок.
Бүгүн Ош шаарында Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясы тынч митинг өткөргөнү жатат. Буга чейин нааразылык акцияга 20 миңдей адам чогулары кабарланган. (EBM)
Бүгүн Ош шаарында Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясы тынч митинг өткөргөнү жатат. Буга чейин нааразылык акцияга 20 миңдей адам чогулары кабарланган. (EBM)