Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Сирия өкмөтүн айыптады


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Сирия өкмөтүн карапайым жарандардын укуктарын бузуп жаткандыгы үчүн айыптады. Дамаскинин 3 өнөктөшү – Орусия, Кытай жана Куба кеңештин Женевадагы жыйынында колго салынган резолюцияга каршы добуш беришти. Документ президент Башар Асаддын режимин жайкын тургундарды бутага алууну токтотууга жана гуманитардык кызматкерлерге өлкөгө кирүү уруксатын берүүгө үндөйт. Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн арачылыгы менен түзүлгөн резолюцияны кеңештин 47 мүчөсүнүн 37си колдошту. 3 өлкө калыс калып, 4 өлкө добуш берүүгө катышкан эмес. Документ мыйзамдуу аткаруу күчүнө ээ эмес.

XS
SM
MD
LG