Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Пакистандагы элчилик: Жер төлөдө жашагандар да бар


Пакистандагы кыргыз элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берүү. 30.10.2011 (Сүрөттүн бул макаланын каармандарына байланышы жок - Азаттык)
Пакистандагы кыргыз элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берүү. 30.10.2011 (Сүрөттүн бул макаланын каармандарына байланышы жок - Азаттык)

Пакистандагы кыргыз элчилиги бул өлкөгө келин болгон кыргыз кыздарынын оор тагдыры тууралуу "Азаттыкка" чыккан макалага жооп иретинде үн катты.

Урматтуу окурмандар!

"Азаттык" үналгысында жарыяланган "Жашоо, турмуш кайда алып барбады..." аттуу макала окурмандардын арасында талкууга алынып, көп адамдарды ойго салып, ар түрдүү сын пикирлер, сунуштар айтылды, айтылбай, жазылбай калганы мындан да көп болушу мүмкүн. Бул макалада айтылгандар тууралуу Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги төмөнкүдөй маалымат берет.

Элчилик ушул макаланы жазган авторго жана бул макалага кайдыгер карабай ой-пикирин, сунуштарын калтырган адамдарга чоң ыраазычылык билдирет.

Себеби макала биздин кыздарды мындан ары жакшылап ойлонууга үгүттөп, ата-эненин айткан улуу кеби турмушта канчалык зор мааниге ээ экендигин дагы бир жолу далилдейт, келечекте биздин муундарга чоң сабак болоору абзел. Турмуш кайсы өлкөдө, кайсы улутта болбосун аял менен эркектин ортосунда мамиле көп нерседен көз каранды: социалдык, экономикалык, коомдук жана башка факторлордон.

Пакистан – бул исламдык өлкө болгондуктан, жашоо шарты, салттары, андан тышкары аялдын коомдогу ролу бизден, албетте, абдан айырмаланат.

Бүгүнкү күндө элчиликте пакистандык жигиттерге турмушка чыккан 30 кыргызстандык кыз консулдук каттоодо турат. Алардын аты-жөнүнө чейин, канча баласы бар экендигин, дегеле кандай турмушта жашап жатканына чейин элчилик билип, ар дайым кабардар. Бирок маалымат боюнча, Пакистандын жарандарына турмушка чыккан кыздардын саны мындан да жогору болушу мүмкүн. Алардын көбү дайынын билгизбей, элчиликке келбей, каттоого турбай жашап келишет. Бул азыркы күндө абдан көйгөйлүү маселе, ошондуктан элчилик бул багытта да иш жүргүзүүдө.

Эң биринчиден, көпчүлүк биздин жарандар башка өлкөдө чет элдик жаран катары жашаганга даяр эмес. Ошондуктан аларга түздөн-түз тиешелүү маалыматтар жөнүндө кабары жок, мисалга алсак:

- биздин элчиликке келип, ушул өлкөдө жашаган даректерин кабарлоо керек (консулдук каттоого туруу керек);
- элчилик аркылуу жашап жаткан өлкөдө кандай укуктары бар экенин үйрөнүп;
- жашап жаткан өлкөнүн ОВИРинде чет өлкөлүк жаран катары каттоодон өтүүсү;
- жашап жаткан өлкөнүн визасын жылдан жылга узартуусу,
- паспортторунун мөөнөтү өтүп кете электе биздин элчиликке келип узартуу керек.

Бала төрөлсө, ага биздин элчиликтен күбөлүк алуу керек, дегеле өзүнүн паспортун дайыма өзүнүн жанында кармап, эч кимге бербөөсү зарыл, мындан тышкары жанында өз керектөөсүнө жетээрлик акчасы болушу абдан чоң мааниге ээ.

Чет өлкөгө орун которгон, же узак убакытка барган биздин жарандардын көбүндө бул маалыматтарды алдын ала билиш керектиги жөнүндө кабарлары жок.

Пакистан кандай өлкө экендигин, мыйзамдарын, салтын, тилин, дилин билбей келгендер, диний көз караштарын түшүнбөй, кийинген кийимине көнбөй, кээ бири элет жерине туш болуп, ээн-эркин жүрө албай, куса болушат.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхуа, ФАТА, Түндүк жини, Түштүк Вазиристан сыяктуу алыс жерлериндеги турмуш биздин кыздар үчүн абдан оор, себеби ал аймактар бир гана чет элдик жарандарга эмес, пакистандыктардын өзү үчүн да жашоо өтө татаал жана көйгөйлүү аймак. Эмнеге дегенде, бул аймактар Ооганстан менен чектеш, бардыгыбызга белгилүү, бул региондо бир гана жашоо эмес, ага баруу да абдан кооптуу.

Пакистанда жашап жаткан кыздарыбыздын турмушу ар түрдүү, алардын арасында бактылуу үй-бүлө куруп, балдарын тарбиялап, өмүр сүрүп жаткандар да бар, бактысы ачылбай жүргөндөр да канча, бирөө абдан жакшы жашаса, бирөө жер төлөгө окшогон үйлөрдө абдан кыйналып жашайт. Алдылары улуттук университеттерде мугалимдерге, студенттерге сабак берсе, кээ бирөөлөрү ооруларды дарылап, түрдүү кесиптерде иштешет, албетте, кээ бирөөлөрү үйдөн да чыкпайт.

Айрыкча Пакистанда жашап жаткан биздин жарандардын көпчүлүгүнө төмөнкү маселелер тиешелүү.

- Кыргызстандын жарандык паспортунун мөөнөтү өтүп кетиши;
- Пакистандагы жергиликтүү полиция органдары (ОВИР) тарабынан ошол аймакта жашоого уруксат алынбаганы;
- жаңы төрөлгөн балдарына күбөлүк алынбаганы;
- элчиликке каттоого турбаганы (күйөөлөрү уруксат бербейт).

Көбүнчө биздин жарандар Пакистанда жер-жерде жашап жаткан жергиликтүү мекемелерден жогоруда аталган документтерди алуу абдан кыйын жана татаал деп көп даттанышат. Мындан тышкары эң негизги маселе - динди абдан катуу кармап, талап кылышат, ага көнбөгөн биздин жарандар ээн-эркин жүрө алышпайт.

Деген менен ар бир адамдын тагдыры өзүнүн колунда, эгерде алардын укугу бузулса, элчиликке оозеки же арыз аркылуу кайрылса, албетте элчилик жардам берет, бирок Пакистан мусулман өлкө болгондуктан, жөн эле үйүнө баруу мүмкүн эмес, эгер андай болсо үй-бүлөсүнө доо кетирип, кандайдыр бир ишенбестикти пайда кылат, маселе курчуп кетиши мүмкүн.

Мисалы:
2011-жылы С. аттуу 2 баласы бар, күйөөсү түрмөдө отурган келинге биздин кызматкерлер колдон келген материалдык жана моралдык жардамын көрсөтүштү.

Былтыр М. деген аксакал Оштон чалып, элчиликке эмес, эшикке бир жолу да чыгарбай, турмуштун запкысын жеген кызына жардам берүүсүн суранган. Элчи жана кызматкерлер менен чогуу болуп, абдан алыста жашаган жерине барып, кайын-журтунун, жолдошунун уруксаты менен ал кызды ошол эле жерден аэропортко чейин жеткирип, аман-эсен өлкөбүзгө жөнөткөнбүз. Ал кыздын кайын-журту, жолдошу аэропортко чейин барып узатышып, кыздын кетип жатканына аябай ыйлашкан учурду айтып кетиш керек.

Ушул жылдын февраль айында элчиликке Т. деген жаран кайрылып, турмуштун запкысын тартканын, тез аранын ичинде Кыргызстанга үй-бүлөсү менен кайтып баруусун суранды. Эки баланын апасы, паспортунун визасынын мөөнөтү алда качан өтүп кеткен, кичи баласынын бир дагы документи жок. Элчилик атасынын макулдугу менен баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берди, апасына жана эки баласына Кыргызстанга кайтуу үчүн күбөлүк, атасына виза ачылды. Ал кыздын адам чыдагыс, жашоого таптакыр шарты жок жер төлөдө жашаганын көргөндө (бул турмушунун бир гана көрүнүшү), арыз-муңун укканда, көзүңө жаш алып, жүрөгүң ооруйт, бооруң ачыйт. Бул үй-бүлөнүн оор шартын, абалын эске алып, элчилик тарабынан жогоруда аталган бардык документтер акысыз даярдалып, көмөк көрсөтүлдү. Жакында киндик тамган жерине бул үй-бүлөнү жөнөтөбүз.

Мындай мисалдарды айта берсек түгөнгүс, абдан көп, отчет катары болуп кетпесин, элчилик биздин жарандардын көп маселесин оң жагына чечип келүүдө, алардын укуктары жөнүндө малыматтар ар дайым берилип турат, бул элчиликтин Пакистанда жашап жаткан Кыргызстандын жарандардын укугун коргоодогу күнүмдүк жумушу жана эң негизги максаты, милдети.

Элчилик бир гана маселени чечпестен, ата-энесин, жакындарын сагынып, буулугуп, куса болуп жүргөн жарандарыбыздын жана Пакистанда кылым карытып жашап келе жаткан этникалык кыргыздардын катышуусу менен Исламабад шаарында көптөгөн иш-чараларды чогуу өткөрдүк. Мисалы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилегенде, ж.б. майрамдарда, жогорку окуу жайлардагы кыргыз маданияты жөнүндөгү жыйындарда Бишкек шаарынан атайын чыгармачыл топту чакырып, Исламабад шаарында концерттерди да өткөрүп келет. Бирок ага бардык жарандарыбыз катышат дегенден алыспыз, себеби бирөө 1500 чакырым алыста жашаса, кээ бирөөлөрдүн күйөөсү жибербейт.

Мындан тышкары, 2011-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда Пакистанда жашап жаткан жарандарыбыз атуулдук парзын аткарып шайлоого катышты, келгендердин саны абдан жогору болду. Бул шайлоого абдан алыс жерден келгендиктен биздин жарандар үй-бүлөлөрү менен элчиликте иштеп жаткан кызматкерлердин үйлөрүндө 2-3 күн конок болушту.

Ошол убакытта бир гана шайлоо үчүн эмес, элчи жана кызматкерлер алар менен сүйлөшүп, маселелерди талкуулап, сый тамак берилип, кыз-келиндердин жолдоштору менен да турмуштарында болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди талкууладык. Анда элчинин жубайы тарабынан турмушка чыккан келиндердин ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлүп, алардын элчилик менен тыгыз байланышта болуусу жана жарандарыбызга көп кырдуу жардам көрсөтүү максатында иш пландар каралган. Мындан тышкары 2012-жылы боло турган Нооруз майрамын Пакистанда жашап жаткан жарандарыбыз жана этникалык кыргыз туугандар менен чогуу өткөрүүгө чечим чыгарганбыз.

Бул макалада коюлган курч маселе бир гана элчиликтин жумушу эмес, бул көп тараптуу иш-чараны камтыган маселе - ар бир инсандан баштап, ата-эне, үй-бүлө, коом, бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик мекемелер, массалык маалымат каражаттарынын да катышуусу менен гана чогуу чече алабыз.

Албетте, бул макалада коюлган маселе биздин элчиликтин, дегеле бардык эле элчиликтердин жасап жаткан жумушун мындан да ары жогорку деңгээлге көтөрүүгө, ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатууда чоң түрткү, сабак болот деп эсептейбиз.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын элчилиги "Азаттык" үналгысынын жамаатына чоң чыгармачылык ийгилик каалоо менен бирдикте, ушундай курч маселелерди көтөрүп жатканына ыраазычылык билдирет, ал эми биздин жарандарга кандай шарт болбосун элчилик менен тыгыз байланышта болуп, маселелерди жалпылап чечүүгө чакырып кетет элек.

Урматтуу Кырыз Республикасынын жарандары, эгерде Пакистан өлкөсүнө келип калсаңыздар, Исламабад шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыздар:
- 00-92-51-221-2196.
– 00-92-321-5257-568 (консулдун телефону).
- моб. тел: - 00-92- 323-511-8986 (катчы).

Пакистандагы желеги желбиреп турган Кыргыз Республикасынын алакандай жеринде турган элчиликке келип, көр тириликтен, күнүмдүк турмуш маселелерден кичине эс алып, баарлашып, сын пикирлерди, сунуштарды берип турууңуздарды дагы бир жолу суранабыз. Биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз жана эшигибиз ар дайым ачык.

Пакистан Ислам Республикасындагы
Кыргыз Республикасынын Элчилиги

XS
SM
MD
LG