Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Алайдын Нура айылында жер силкинди


Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтун маалыматы боюнча, кечээ кечки ондор чамасында очогунда 5 балл болгон жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер титирөөнүн очогу Алай районундагы Нура жана Эркеч-Там айылдарынан 25 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Нура жана Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Сары-Таш, Талды-Суу жана Бөр-Дөбө айылдарында 3 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG