Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

“Кумтөргө” жаңы жетекчи келди


Кумтөр кенин иштеткен "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасын буга чейин компанияда вице-президент болуп келген жаңы зеландиялык Майкл Фишер жетектеди. Компаниянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мурдагы жетекчи Роберт Вандер келишими бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кетти.

Жыл башында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын бир катар кызматкерлери иш ташташкан. Жакында Кумтөр кенинин экологиясын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG