2011-жылдын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда бир жыл ичинде ачылган кылмыш иштеринин саны 2010-жылга салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүүдө. Мындан тышкары былтыр жарандык иштер 22 пайызга көбөйгөн. Бирок экономикалык, административдик иштер мурдагы деңгээлде калган. 2011-жылы Кыргызстандын Жогорку Сотуна жалпы 4287 арыз түшкөн. (KKs)