Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Тогуз-Торо: шайлоого үч партиянын талапкерлери катышууда


Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ирим менен Атай айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Айгүл Мамбетжанова саат 10го карата 250дөн ашуун адам добуш бергенин “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, эки айылда жалпысынан 2824 шайлоочу бар. Айылдык кеңеш депутаттарын шайлоого 22 мандат үчүн 57 талапкер катышууда. “Ата-Журт”, “Республика” жана “Замандаш” партиялары 23 талапкер көрсөткөн. Калган 29 адам өзүн өзү сунуштаган.

Көк-Ирим менен Атайда 4 шайлоо бекети ачылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG