“Азаттыкка” маалым болгондой, “Манас” аба майданында Москвага кете албай жаткан жүргүнчүлөрдү “Кыргызстан” авикомпаниясынын учагы жеткиргени жатат. Бул жүргүнчүлөрдү “Бишкек Эйр” компаниясы ташымак. Бирок компаниянын учагы бузулуп калып, алар “Кыргызстан” авикомпаниясына кайрылган. Алдын ала маалымат боюнча, “Кыргызстандын” учагы бүгүн түшкү саат үчтө Москвага учканы жатат.
Буга чейин Нурмамат Жусупов аттуу жүргүнчү “Азаттыкка” чалып, “Манаста” кечээтен бери үч каттам кармалып, үч жүздөн ашуун жүргүнчү Москвага кете албай жатканын кабарлаган. (EBM)
Буга чейин Нурмамат Жусупов аттуу жүргүнчү “Азаттыкка” чалып, “Манаста” кечээтен бери үч каттам кармалып, үч жүздөн ашуун жүргүнчү Москвага кете албай жатканын кабарлаган. (EBM)