Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Орусияда президенттик шайлоо өтүүдө


Санкт-Петербургдагы шайлоо бекеттеринин бири. 4-март, 2012-жыл.
Санкт-Петербургдагы шайлоо бекеттеринин бири. 4-март, 2012-жыл.
Бишкек убактысы боюнча саат 12ге карата өлкөдөгү катталган шайлоочулардын 15 пайызы добуш берген. Орусиянын добуш берүү алгач башталган Ыраакы Чыгышында шайлоо аяктады. Ырасмий маалыматка караганда, Камчатка жарым аралында добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 57%ы келген.

Жалпысынан 91 миң шайлоо бекетиндеги добуш берүү 21 саатка созулат. Шайлоодо жалпысынан беш талапкер ат салышып жатат.

Көз карандысыз байкоочулар менен адам укугун коргоочулар добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча даттануулар тууралуу маалымдашууда. Алар шайлоочулардын күмөндүү тизмелери, шайлоо бекеттеринде иштебей турган веб –камералар, шайлоочулар бир аймактан экинчи аймакка автобустар менен ташылып жатканына байланыштуу. Бирок бул дооматтардын тактыгы башка булактар тарабынан ырастала элек.

XS
SM
MD
LG