Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Жумгал: шайлоо боюнча арыз түшө элек


Жумгал райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жаудат Нураковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, соңку эсепке ылайык, шайлоочулардын 40 пайызы добуш берди. Шайлоонун жүрүшүнө байланыштуу доо-арыздар каттала элек.

Жумгалда беш жерде - Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Жалпысынан 11 шайлоо бекети ачылды. Беш айылдык кеңеште 11 миңге жакын шайлоочу бар.

Шайлоого 239 талапкер катышууда. “Республика” партиясы 65, “Замандаш” 50, “Таза табият” 2 талапкер көрсөткөн. Жарандар тобу 5 адамды, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. Негизи 65 депутат шайланышы керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG