Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Путинди айрым атаандаштары жеңиши менен куттукташты


Орусияда президенттик жарышта алдын-ала маалымат боюнча 65 пайызга жакын добуш алды деп айтылып жаткан премьер-министр Владимир Путинди шайлоодогу атаандаштары Владимир Жириновский менен Сергей Миронов жеңиши менен куттукташты. “Путин дагы бир талапкер Михаил Прохоров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын татыктуу добуш алганын айтты”, деп билдирди премьердин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Владимир Путин жекшемби күнү кечинде Москвадагы Манеж аянтында чогулган тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алды.

Президенттик жарышта экинчи орунду камсыздаган талапкер Геннадий Зюганов шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG