Бүгүн Жогорку Кеңеште Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөш комитети Жол коопсуздугу боюнча Бишкек шаардык башкармалыктын кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмү боюнча талкуу курат. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда тергөө иштери боюнча баш прокурор Аида Салянова маалымат берет.
Пара алды деген шек менен кармалган Эшбаев жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү деп айтылганы менен туугандары буга ишенбей, нааразы болуп бир катар акцияларды өткөрүшкөн. (EBM)