Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Алайда жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн таңкы саат төрттөр чамасында Ош облусундагы Алай районунун аймагында жер титирөө катталды. Анын очогу Нура жана Эркеч-Там айылдарынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай Кытайдын аймагында жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда төрт баллды түзүп, аталган эки айылда 3 баллга жетти. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Соңку бир жумада Нура жана Эркеч-Там айылдарында ушуну менен үчүнчү жолу жер силкинди. (KKs)
Куржундар
XS
SM
MD
LG