Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Пакистанда кыргыз жаранына ийгиликтүү операция жасалды


Пакистандын «Jinna Memorial” деген госпиталында Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну Равшанали Сейитказиевдин ооруган бөйрөгүн алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Оорулууга бир тууган эжеси өз бөйрөгүн берди. Учурда Равшаналинин жана эжесинин абалы, ден соолугу жакшы. Кыргызстанга кайтуу үчүн элчилик менен чогуу даярдык көрүлүп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын он жараны Пакистандын клиникаларында бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасатып кетишкен.

Дүйнөлүк статистика боюнча 5 миллиондон ашык калкы бар Кыргызстанда жылына бөйрөк алмаштыруу боюнча 250 операция жасалып турушу керек. Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунун дарыгери Калдарбек Абдрахманов “Азаттыкка” билдиргендей, ушул күнгө чейин Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруу боюнча бир да операция жасала элек. Мындан улам оорулуулардын көбү Түркия, Кытай жана Пакистанда бөйрөгүнө операция жасатканга мажбур.(KKs)

XS
SM
MD
LG