Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Армян президенти Азербайжанды сынга алды


НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Серж Саркисян Карабак жаңжалын тынчтык жол менен чечүү керекдигин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Азербайжандын жетекчилиги армяндарга карата жек көрүүчүлүктү таркатууну улантууда. Мындан бир нече күн мурда эле Азербайжандын президенти дүйнөдө азерилердин бир гана душманы бар, ал армян улуту деп айтты. Менмче, эл аралык коомчулук бул маселеге көңүл бурушу керек.

Брюсселде Саркисян НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Рассмуссен менен жолукту. Расмуссен өз кезегинде Түштүк Кавказ аймагы НАТО үчүн маанилүү аймак, ал эми Армения НАТОнун маанилүү шериги экендигин белгиледи.

Армениянын НАТОнун Тынчтык үчүн Шериктештик программасына 1994-жылы кошулган. Өлкө НАТОнун дагы башка бир нече программасына катышат. Бул Саркисяндын армян президенти катары НАТОнун баш кеңсесине үчүнчү жолу келиши.

XS
SM
MD
LG