Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Кыргыз президентинин жылдык кирешеси 1,2 миллион сом


Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз борбору билдиргендей, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 2011-жылдагы кирешелери тууралуу декларация тапшырды. Ага ылайык, президенттин кирешеси 1 миллион 213 миң сом деп эсептелди. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевдин 100 миң долларлык үйү, 3 миллион долларлык жер тилкеси, 2 миллион долларлык өндүрүштүк имараты бар. Жер тилкеси менен өндүрүштүк имарат ишенимдүү башкарууга берилген. Мындан тышкары президенттин эки транспорттук унаасы менен 18 миллион сомдук ар кыл кыймылдуу мүлкү бар. Кыргыз президентинин туугандарынын кирешеси болсо 89,6 миң долларды түздү.

Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун кирешеси 879 миң сом болсо, туугандарынын кирешеси 12 миллион сомдон ашкан. Парламент спикери Асылбек Жээнбековдун 2011-жылдагы кирешеси 2 миллион 800 миң сомдон жогору деп эсептелди. (KKs)

XS
SM
MD
LG